> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Байтиктеги керамикалык кирпич чыгаруучу заводго ОКӨФ 1.3 млн доллар насыя берди
- URL: https://im.kg/all/2022/04/13/bajtiktegi-keramikalyk-kirpich-chygaruuchu-zavodgo-ok-f-1-3-mln-dollar-nasyya-berdi/
- Published: 2022-04-13T12:35:48.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:40.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду (ОКӨФ) Чүй районунун Байтик айылындагы «Байтик Курулуш» ЖЧКсынын керамикалык кирпич заводуна 1 млн 350 миң доллар насыя берди. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди.**

Фонддон билдиришкендей, алынган кредит заводдун кубаттуулугун жогорулатууга, ишканада кошумча меш куруп, керектүү атайын жабдууларды сатып алууга жумшалат.

«Байтик курулуш» ишканасы 2019-жылдын аягында ишке киргизилген. Учурда өндүрүштүн көлөмү суткасына 100 миң кирпичти түзөт. Заводдо жогорку технологиялык экологиялык таза жабдуулар орнотулуп, өндүрүш процесси автоматташтырылган. 2021-жылдын июль айында бул ишкана Кыргызстандагы жападан жалгыз М-150 маркасындагы кирпичти өндүрүү жана суукка туруштук берүүчү F25 боюнча сертификат алган.

> ОКӨФтүн кредитинин эсебинен заводдун кубаттуулугу 1.8 эсеге – суткасына 180 миң кирпичке чейин өсөт. Жаңы жумуш орундары түзүлүп, салыктык чегерүү жылына 15 млн сомдон ашат. Продукциянын олуттуу бөлүгү Казакстанга экспорттолорун фонддон билдиришти.