> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бийлик Ысык-Көл облусунун негизги көйгөйлөрүн чечүү үчүн АӨБ менен Дүйнөлүк банктан 144 млн доллар карыз алат
- URL: https://im.kg/all/2022/04/13/bijlik-ysyk-k-l-oblusunun-negizgi-k-jg-jl-r-n-chech-ch-n-a-b-menen-d-jn-l-k-banktan-144-mln-dollar-karyz-alat/
- Published: 2022-04-13T10:07:24.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:19:18.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын бийлиги Ысык-Көл облусунун негизги көйгөйлөрүн чечүү үчүн Дүйнөлүк банктан (ДБ) жана Азия өнүктүрүү банкынан (АӨБ) насыя алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Агрардык саясат боюнча комитетинин Ысык-Көл облусундагы көчмө жыйынында белгилүү болду.**

> Мамкурулуштун жетекчисинин орун басары Мелис Абиев депутаттардын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуусунда Азия өнүктүрүү банкы **44 млн долларга тазалоочу жайларды реконструкциялоо боюнча долбоорду** даярдап жатканын билдирди.

Анын айтымында, тазалоочу жайлардын курулушу 2023-жылы башталып, 2029-жылы бүтөт.

Депутат Нурбек Алимбеков парламент өз кезегинде бул долбоорду ишке ашырууну тездетүү үчүн келишимди тез арада ратификациялоого салым кошоорун айтты.

> Комитеттин төрагасы Аманкан Кенжебаев Дүйнөлүк банк Ысык-Көл облусундагы **негизги көйгөйлөрдү чечүү үчүн** 100 млн доллар грант жана насыя бөлөт. Каражаттын кайсы бөлүгү насыя түрүндө бөлүнгөнү айтылган жок.