> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нарындагы «Куланак» ГЭСинин курулушу 4 жылга созулат
- URL: https://im.kg/all/2022/04/13/naryndagy-kulanak-gesinin-kurulushu-4-zhylga-sozulat/
- Published: 2022-04-13T13:54:08.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:40.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Нарын» өндүрүштүк ишканасы» ЖЧКга өздүк каражаттарынын эсебинен Нарындагы Нарын дарыясында «Кубаттуулугу 100 МВт белгиленген «Куланак» ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо» долбоорун ишке ашыруу укугу берилгенин минкабдын маалымат кызматы билдирди.** 

Куланак ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыруу жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүүгө багытталган.

> Долбоордук-сметалык документация боюнча Куланак ГЭСин куруу мөөнөтү 4 жылды, ал эми тосмонун бийиктиги 27 м түзөт.

Куланак ГЭСин куруу долбоору **«**Ленгидропроект**»** АК тарабынан иштелип чыккан. Белгилесек, Нарын дарыясында жалпы орнотулган кубаттуулугу 6.2 ГВт чейин болгон 30га чейин ГЭСти курууга болот.