> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Ысык-Көл» биосфералык аймагынын директору экологиялык тозот коюуну сунуштады – 53 млн сом түшөт
- URL: https://im.kg/all/2022/04/13/ysyk-k-l-biosferalyk-ajmagynyn-direktoru-ekologiyalyk-tozot-kojuunu-sunushtady-53-mln-som-t-sh-t/
- Published: 2022-04-13T10:25:30.000Z
- Updated: 2023-05-30T07:12:34.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Ысык-Көл» биосфералык аймагынын дирекциясынын директору облуска экологиялык тозот коюуну сунуштады. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети Ысык-Көл облусунда өткөргөн көчмө жыйынында айтты.** 

Жыйында баяндама жасаган «Ысык-Көл» биосфералык аймагынын дирекциясынын директору Кумар Мамбеталиев экологиялык тозоттун коюлушу менен Ысык-Көлдү өнүктүрүү үчүн жасала турган иштердин болжолдуу пландарын айтып берди. 

> «Эгерде экологиялык тозот коюлса, **кирип чыккан авто унаалардан болжол менен 53 млн сомго чейин акча каражаты чогултулат**. Ал каражат туризмди өнүктүрүүгө, туристтер үчүн заманбап шарттарды түзүүгө, көл жээгиндеги таштандыларды тазалоого, саркынды сууларды тазалоочу жайларды оңдоп түзөөгө жумшалат», – деди ал.