> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баалар эң көп Нарын облусунда көтөрүлдү – Улутстатком
- URL: https://im.kg/all/2022/04/14/baalar-e-k-p-naryn-oblusunda-k-t-r-ld-ulutstatkom/
- Published: 2022-04-14T12:31:17.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:40.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Үстүбүздөгү жылдын январь-мартында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө бааларынын өсүүсү 5%ды түздү. Бул тууралуу Улутстаткомдун маалымат кызматы билдирди.** 

Ушул эле учурда **тамак-аш азыктарына** жана **алкоголдуу ичимдиктерге 7.7%га**, **алкоголсуз суусундуктарга** жана **тамекиге 6.5%га**, **азык-түлүк эмес товарларга 3.3%га**, калкка **кызмат көрсөтүүнүн** тарифтери **1.7%га** өскөнү байкалды.

Үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында керектөө бааларынын өскөнү бүт региондордо байкалган.

> Бирок максималдуу өсүүсү башка региондорго салыштырганда **эң чоң пайыздык көрсөткүч (6%) Нарын облусунда** катталган, мунун себеби башка аймактарга караганда алкоголдуу ичимдиктерге жана тамекиге болгон баанын өсүшү (15.8%) менен түшүндүрүлөт.