> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Финансы министрлиги спортчуларга апрель айында 19 млн сом бөлүнгөнүн билдирди – депутатка жооп
- URL: https://im.kg/all/2022/04/14/finansy-ministrligi-sportchularga-aprel-ajynda-19-mln-som-b-l-ng-n-n-bildirdi-deputatka-zhoop/
- Published: 2022-04-14T13:54:41.000Z
- Updated: 2023-05-31T07:01:02.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Финансы министрлиги КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт башкармалыгына 2022-жылдын 14-апрелине карата 19 млн сом бөлгөнүн билдирди.**

Министрлик апрелге 99.6 млн сом каралганын да белгиледи. 

> «Дене тарбия жана спорт департаментинин иш-чараларын кошкондо, мамлекеттик органдардын чыгымдарын каржылоонун белгиленген тартиби бар, ага ылайык, негизги жана кошумча каржылоо жүргүзүлөт», – деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=LLOo9nRgdEA) депутат Шайлообек Атазов Финансы министрлиги кыргыз спортчуларына (Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов) акча бөлбөй жаткандыгынан улам алар Монголиядагы эл аралык мелдешке катышууга уча албай жатышканын билдирген эле.