> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда доллар менен евронун курсу төмөндөөдө
- URL: https://im.kg/all/2022/04/14/kyrgyzstanda-dollar-menen-evronun-kursu-t-m-nd-d/
- Published: 2022-04-14T10:53:24.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:40.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 14-апрелде эртен менен саат 10:50 карата Кыргызстанда доллардын курсу төмөндөп баштаганын, тагыраак айтканда, комбанктарда 1 доллардын сатып алуу курсу 83.4 сом, ал эми сатуу 84-85 сомду түзуп жатканын көрүүгө болот.**

> [valuta.kg](https://valuta.kg/) порталынын берген маалыматы боюнча, Моссоветтеги акча алмаштыруу жайларында доллардын курсу комбанктардан айырмаланып, 1-1.5 сомго жогору болууда. Айтсак, 1 долларды сатып алуу курсу **84.5 сом** болсо, сатуу **85.5 сомдун** тегерегинде болууда. 

Улуттук банктын 14-апрелге карата расмий курсу 83.5 сомду (-2.93%) түздү.

Ал эми евронун сатып алуу курсу 91.2 сом, сатуу 92.2 сом болууда.