> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Лейлектеги 7 млн долларлык кичи ГЭСти депутат Айбек Осмоновдун бир тууганына таандык «Кыргыз Каганат» (Ихлас Строй) ЖЧКсы курат
- URL: https://im.kg/all/2022/04/14/lejlektegi-7-mln-dollarlyk-kichi-gesti-deputat-ajbek-osmonovdun-bir-tuuganyna-taandyk-kyrgyz-kaganat-ihlas-stroj-zhchksy-kurat/
- Published: 2022-04-14T13:09:52.000Z
- Updated: 2023-05-31T05:38:15.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду (ОКӨФ) Лейлек кичи ГЭСинин курулушуна 7 млн доллар өлчөмүндө жеңилдетилген насыя бөлдү. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди.**

Фонддун берген [маалыматында ](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/04/14/ok-f-lejlek-kichi-gesinin-kurulushuna-5-6-mln-dollar-nasyya-berdi/)долбоорду «Кыргыз Каганат» ЖЧКсы ишке ашыраары тууралуу айтылган. Курулуш иштери 2022-жылдын март айында башталып, 2023-жылдын март айында бүткөрүлөт.

ЖМКгы [фактчек-маалыматтарга](https://t-media.kg/2022/03/01/oshto-zhurnalistke-kol-salgan-zharan-kim-faktchek/) таянсак, «Каганат Инвест» холдингинин башкы директору [Нурбек Осмонов](https://kaganatinvest.kg/kg/about/) Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмоновдун бир тууган агасы. 

«Каганат Инвест» холдинги «Кыргыз Каганат» ЖЧКсын 2003-жылы түзгөн жана ал **«Ихлас»** бренди менен аталган ишкана бир топ турак жай үйлөрүн куруп келет. 

Лейлек кичи ГЭСинин курулушуна колдонулчу өндүрүштөгү жабдуулар да «Каганат Инвест» холдингине таандык «Кыргыз Унаа Курулуш» ЖЧКсынан алынат.