> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Январь-февраль айларында республикага импорттук товарлардын келүүсү 1.9 эсе өстү
- URL: https://im.kg/all/2022/04/14/yanvar-fevral-ajlarynda-respublikaga-importtuk-tovarlardyn-kel-s-1-9-ese-st/
- Published: 2022-04-14T18:09:06.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:39.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КРнын товарларынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2022-жылдын январь-февраль айларында 1.3 млрд долларды түздү жана өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1.6%га көбөйдү. Бул тууралуу Улутстаткомдун маалымат кызматы билдирди.**

> Улутстатком мында **экспорттук жөнөтүүлөр 3.8%га көбөйгөнүн** ал эми **импорттук келип түшүүлөр 1.9 эсе жогорулаганын** айтты. 

КРнын **ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен** өз ара соода көлөмү 2022-жылдын январь-февралында 563 млн долларды түзгөн жана өткөн жылдын ушул убагына салыштырганда 38.5%га өскөн. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 41.1%га, импорттук келип түшүүлөр 37.7%га жогоруланган. 

Республиканын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү ушул жылдын январь-февраль айларында Россия (71.5%) жана Казакстанга (26.7%) туура келди.