> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун капиталын 200 млн долларга чейин көтөрүү пландалууда
- URL: https://im.kg/all/2022/04/14/zbek-kyrgyz-n-kt-r-fondunun-kapitalyn-200-mln-dollarga-chejin-k-t-r-plandaluuda/
- Published: 2022-04-14T17:23:10.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:07:56.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун уставдык капиталы 50 млн долларды түзөт. Келечекте анын капиталы 200 млн долларга чейин жогорулатылат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.** 

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров өткөн жылы августта «2021-жылдын 11-мартында Ташкент шаарында кол коюлган КРнын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» [мыйзамга кол койгон](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2021/08/18/ustavdyk-kapitaly-50-mln-dollar-zbek-kyrgyz-fondu-t-z-l-t/).

Ал эми Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун расмий ачуу салтанаты бүгүн, 14-апрелде болду. Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары – инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков катышты.

Жапаров белгилегендей, Өзбекстан КРнын маанилүү соода-экономикалык өнөктөшүнүн бири болуп саналат. 

> «КР товар жүгүртүү көлөмүн жогорулатуу боюнча чечкиндүү аракеттерди көрүүгө даяр. Бүгүнкү күндө кыргыз-өзбек чек арасына жакын аймакта логистикалык борборлорду куруу боюнча долбоорлор активдүү фазада ишке ашырылууда. 

> Кызыл-Кыя шаарындагы Фергана жана Баткен облустарын байланыштырган соода-логистикалык борборду курууга жана ишке киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Аталган соода-логистикалык борборду ишке киргизүү өлкөлөр ортосундагы экспорттук-импорттук операцияларды өнүктүрүүгө чоң түрткү берет деп ишенем», – деди ал. 

Белгилей кетсек,мурдагы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары **Азиз Аалиев** [Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Башкармалыгынын төрагасы](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/03/28/aziz-aaliev-zbek-kyrgyz-n-kt-r-fondunun-bashkarmalygynyn-t-ragasy-bolup-dajyndaldy/) болуп, 3 жылдык мөөнөткө дайындалган.