> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 18 өлкөнүн жарандары КРнын визасын жөнөкөйлөтүлгөн тартипте ала алышат – ТИМ
- URL: https://im.kg/all/2022/04/15/18-lk-n-n-zharandary-krnyn-vizasyn-zh-n-k-jl-t-lg-n-tartipte-ala-alyshat-tim/
- Published: 2022-04-15T10:42:32.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:39.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Жайкы туристтик сезондун алдында Тышкы иштер министрлиги 18 өлкөнүн жарандары Кыргызстанга туристтик визаларды алуу үчүн жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жобо иштелип чыкканын эскертти.**

Ведомстводон билдиришкендей, визаларды алуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби чет элдик туристтерди тартууга жагымдуу шарттарды түзүү жана КРда туризмди өнүктүрүү максатында ишке ашырылган.

Бул тизмеге төмөндөгү мамлекеттер кирет:

- Индия
- Бангладеш
- Пакистан
- Шри-Ланка
- Алжир
- Египет
- Иордания
- Ливан
- Марокко
- Непал
- Тунис

Ошондой эле төмөндөгү мамлекеттердин жарандары КРнын туристтик категориядагы визасын КРнын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине жеке арызынын негизинде, ошондой эле түздөн-түз **Кыргызстанга келгенден кийин жөнөкөйлөтүлгөн тартипте ала алышат**. КРнын Тышкы иштер министрлигинин «Манас» эл аралык аэропортундагы визалык кеңсесинен төмөндөгү өлкөлөрдүн жарандары келгенден кийин түз кайрылса болот: 

- Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ)
- Сауд Аравиясы
- Бруней
- Кувейт
- Катар
- Оман
- Бахрейн