Француз компаниясы Кыргызстанда ири ГЭСтерди курууга кызыкдар

Француз компаниясы Кыргызстанда ири ГЭСтерди курууга кызыкдар

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Électricité de France компаниясынын Россиядагы жана КМШ мамлекеттериндеги өкүлчүлүгүнүн директору Лоран Паганон жана Франциянын КРдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Франсуа Делаус менен жолугушту. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары белгилегендей, КР энергетика тармагындагы, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактарын ишке ашыруу долбоорлоруна катышууга кызыкдар инвесторлордун сунуштарына ачык.

«Бизде 142 млрд киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар. Биздин артыкчылыктуу багытыбыз – Камбар-Ата-1 ГЭСин, чакан ГЭСтерди, ошондой эле күн жана шамал станцияларын куруу. Биз «жашыл экономика» долбоорлорун өнүктүрүүгө кызыкдарбыз», – деди Бакыт Төрөбаев. 

Алмаз Исанов кошумчалагандай, 2026-жылга чейин КРнын өнүктүрүүнүн улуттук программасында «жашыл», санариптик жана креативдүү экономикаларды өнүктүрүү боюнча негизги багыттар көрсөтүлгөн. Анын айтымында, Министрлер Кабинети «жашыл экономика» тармагындагы долбоорлорду өнүктүрүүгө умтулууда.

Électricité de France өкүлчүлүгүнүн директору Лоран Паганон энергетика тармагындагы долбоорлор боюнча, атап айтканда, ири ГЭСтерди куруу боюнча кызматташууга кызыкдар экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары кызматташуу маселелерин иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүү чечимине келишти.

Électricité de France (Электрисите́ де Франс) — француз электр энергетикалык компаниясы. EDF Европада, Түштүк Америкада, Түндүк Америкада, Азияда, Жакынкы Чыгышта жана Африкада 120+ гигаватт кубаттуулуктагы түрдүү портфелди башкарат. 2009-жылы EDF дүйнөдөгү эң ири электр энергиясын өндүрүүчү катары таанылган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Бүгүн Казакстан Республикасынын Түркестан шаарында Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) экономика жана соода министрлеринин 14-жыйыны болуп өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Султан Ахматов өз сөзүндө мурда жетишилген макулдашууларды практикалык жактан ишке ашыруунун маанилүүлүгүн, ошондой эле экономикалык

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Октябрь көчөсү - Чыгыш ЧЧК - Аламүдүн суусу - Путепроводная көчөсү. “ХБО” суу топтомосундагы

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

2025-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жеткени 19-февралда Финансы министрлигинин сайтына жарыяланганын "Азаттык" жазды. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыз ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 39,46% түздү. Анын ичинен 3 млрд 573,54 млн доллар ички, 5 млрд 347,8 млн

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК 2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатын көрсөтүүгө расмий лицензия сатып алды. Алдыдагы мундиаль тарыхтагы эң ири мелдеш болот. Кыргызстандыктар оюндарды түз эфирде жана жогорку сапатта УТРКнын каналдарынан көрө алышат. Футбол боюнча дүйнө чемпионаты FIFA 2026 11-июндан 19-июлга чейин үч өлкөдө — АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Бул турнир тарыхый болот: алгачкы