Кыргызстан Камбар-Ата ГЭС-1ди Өзбекстан менен чогуу курушу мүмкүн
Камбар-Ата ГЭС-1ди Кыргызстан Өзбекстан менен биргеликте курушу мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынын жыйынында Энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев билдирди.
Жыйында депутат Мейкинбек Абдалиев министрдин орун басарынан Камбар-Ата ГЭС-1ди Кыргызстан Өзбекстан менен биргеликте курушу мүмкүн деген сөздүн канчалык чындыгы бар экенине кызыкты.
Айталиев жумушчу топ түзүлүп иш башталганын, 3 жума мурда Өзбекстандын премьер-министри Ош шаарына келип, ал маселе талкууланганын билдирди.
«Биргеликте ишке ашырсак деген көз караш бар. Азыр маалымат алмашып, өз ара изилдеп жаткан кезибиз. Пландар бар», – деди ал.
Депутат ГЭСти Өзбекстан менен биргеликте куруу бул КР үчүн канчалык кооптуу экендигине кызыгып, милдеттенмелер боюнча келечекте көйгөйлөр жаралбайбы деген суроосун койду.
«Бүгүнкү күндө конкреттүү бир көрүнүш жок. Коңшу мамлекет болгондон кийин чогуу иштешебиз. Азыр токтом Министрлер кабинетине киргизилди, кол коюлса, биз өзүбүз ГЭСтин курулушун баштай беребиз. Баштагандан кийин инвесторлор кызыгып, биргеликте иш алпарабыз дешсе, алар менен чогуу иштешүүгө даярбыз», – деди Айталиев.