Кыргызстанда март айында инфляция 3.2% деңгээлинде белгиленди
Кыргызстанда мартта керектөө секторундагы инфляция 3.2% деңгээлинде белгиленди. Бул тууралуу Улутстаткомдун маалыматында айтылат.
2022-жылдын мартында мурдагы айга салыштырмалуу ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин бардыгында керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы белгиленди, муну менен бирге алардын (7.6%) эң көп өсүүсү Россияда катталды.
2022-жылдын мартында 2021-жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторундагы инфляциянын эң жогорку деңгээли (10%) Россияда катталган, бул азык-түлүк эмес товарларга (12.9%) жана азык-түлүк товарларга (алкоголдук ичимдиктерди жана тамекилерди эсепке алуу менен) – 5.8%га жогорулашынын эсебинен катталды.

