> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда март айында инфляция 3.2% деңгээлинде белгиленди
- URL: https://im.kg/all/2022/04/15/kyrgyzstanda-mart-ajynda-inflyaciya-3-2-de-geelinde-belgilendi/
- Published: 2022-04-15T16:51:50.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:39.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда мартта керектөө секторундагы инфляция 3.2% деңгээлинде белгиленди. Бул тууралуу Улутстаткомдун маалыматында айтылат.**

2022-жылдын мартында мурдагы айга салыштырмалуу ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин бардыгында **керектөө бааларынын** жана **тарифтердин жогорулашы** белгиленди, муну менен бирге алардын (7.6%) эң көп өсүүсү Россияда катталды.

- ![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/04/statkom-eaes.jpg)

- ![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/04/statkom-inflyaciya.jpg)

2022-жылдын мартында 2021-жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторундагы инфляциянын эң жогорку деңгээли (10%) Россияда катталган, бул азык-түлүк эмес товарларга (12.9%) жана азык-түлүк товарларга (алкоголдук ичимдиктерди жана тамекилерди эсепке алуу менен) – 5.8%га жогорулашынын эсебинен катталды.