Салык кызматы ККМ сатып алууга 221 млн сомдук тендер жарыялады
Салык кызматы контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) сатып алууга 221 млн сомго тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.
«Банктын бардык төлөм карталары боюнча накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу функциясы менен жабдылган гибриддик кассалык машиналарды (пос-терминал), кассалык аппаратты жана эсепке алуу тутумунун пунктун сатып алуу», – деп айтылат порталдын сатып алуулардын аталышы бөлүгүндө.
Келишим долбоорунда товарды жеткирүү 4 ай ичинде 4 этап менен ишке ашырылары жана төлөм ар бир иш жүзүндө жеткирилгенден кийин жүргүзүлөрү айтылат.