> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Салык кызматы ККМ сатып алууга 221 млн сомдук тендер жарыялады
- URL: https://im.kg/all/2022/04/15/salyk-kyzmaty-kkm-satyp-aluuga-221-mln-somduk-tender-zharyyalady/
- Published: 2022-04-15T12:21:14.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:39.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Салык кызматы контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) сатып алууга 221 млн сомго тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар [порталында](http://zakupki.gov.kg/popp/view/order/view.xhtml?id=324708314) маалымдалды.**

> «Банктын бардык төлөм карталары боюнча накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу функциясы менен жабдылган гибриддик кассалык машиналарды (пос-терминал), кассалык аппаратты жана эсепке алуу тутумунун пунктун сатып алуу», – деп айтылат порталдын сатып алуулардын аталышы бөлүгүндө.

Келишим долбоорунда товарды жеткирүү 4 ай ичинде 4 этап менен ишке ашырылары жана төлөм ар бир иш жүзүндө жеткирилгенден кийин жүргүзүлөрү айтылат.