Улуттук банк виртуалдык актив сыяктуу инструменттерден сак болууга чакырат

Улуттук банк виртуалдык актив сыяктуу инструменттерден сак болууга чакырат

Улуттук банк жарандарды виртуалдык активдерге (криптовалюталарга) жамынып, сунушталган жана финансы пирамидасынын белгилери бар шектүү продукттарга, инструменттерге инвестиция салуудан алыс болууну, бардык ишке кылдаттык менен мамиле жасап, сак болууну сунуштайт.  

Улуттук банк акыркы учурда ар кандай интернет-ресурстар, жалпыга маалымдоо каражаттары, ошондой эле социалдык тармактар, мессенджерлер жана башка байланыш каражаттары аркылуу жарандарга «-койн», «криптовалюта», «криптомонета», «криптоактив» сөздөрү колдонулган айрым активдерди же продукттарды сатып алуу өтө көп сунушталып жатканын маалымдайт.

«Ошол эле учурда жарандарга чындыкка туура келген маалымат берилбейт, аларга акчаларды ушул инструменттерге салуу же аны сатып алуу менен кыска убакыттын ичинде, ошондой эле тез эле көп пайда көрүүгө болот деген азгырган маалыматты беришет», – дейт регулятор.  

Улуттук банк финансы пирамидасынын белгилери катылган алдамчы схемаларынын бар экенин белгилейт.

«Алдамчылар виртуалдык активдерди (криптовалюталар) таратууга жамынып алып, жаңы катышуучулардын акча каражаттарына ээлик кылууга аракет кылышат.

Алдамчылар жарандардын көңүлүн көбүрөөк тартуу үчүн кайсы бир виртуалдык активди – «криптовалютаны» жайылтууга багытталган жарыялоо кампаниясын жигердүү жүргүзүшөт, анын ичинде белгилүү медиа инсандарын тартуу, белгилүү бир активдерден көп киреше алуу, аларды андан ары төлөм каражаты катары жүгүртүүгө же товарлар менен кызмат көрсөтүүлөргө алмашуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалыматтарды жана материалдарды жайгаштыруу аркылуу дагы иштерди жүргүзүшөт», – дейт Улуттук банк. 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Бүгүн Казакстан Республикасынын Түркестан шаарында Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) экономика жана соода министрлеринин 14-жыйыны болуп өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Султан Ахматов өз сөзүндө мурда жетишилген макулдашууларды практикалык жактан ишке ашыруунун маанилүүлүгүн, ошондой эле экономикалык

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Октябрь көчөсү - Чыгыш ЧЧК - Аламүдүн суусу - Путепроводная көчөсү. “ХБО” суу топтомосундагы

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

2025-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жеткени 19-февралда Финансы министрлигинин сайтына жарыяланганын "Азаттык" жазды. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыз ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 39,46% түздү. Анын ичинен 3 млрд 573,54 млн доллар ички, 5 млрд 347,8 млн

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК 2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатын көрсөтүүгө расмий лицензия сатып алды. Алдыдагы мундиаль тарыхтагы эң ири мелдеш болот. Кыргызстандыктар оюндарды түз эфирде жана жогорку сапатта УТРКнын каналдарынан көрө алышат. Футбол боюнча дүйнө чемпионаты FIFA 2026 11-июндан 19-июлга чейин үч өлкөдө — АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Бул турнир тарыхый болот: алгачкы