Экономика министрлиги чет элдиктерге 500 долларга «санариптик көчмөн» статусун берүүнү сунуштоодо

Экономика министрлиги чет элдиктерге 500 долларга «санариптик көчмөн» статусун берүүнү сунуштоодо

Кыргызстандын бийлиги IT тармагында иштеген чет элдиктерге «санариптик көчмөн» статусун берүүнү көздөөдө. Бул макам боюнча убактылуу жобо даярдалып, Экономика министрлиги тарабынан коомдук талкууга коюлду.

«Санариптик көчмөн»  (Digital nomad) макамы чет элдик жаранга же жарандыгы жок адамга КРнын аймагына виза тариздебестен, турган жерине каттоого турбастан жана иштөө үчүн уруксат документтерин албай туруп, кирүүгө/жашоого мүмкүнчүлүк берген, ошондой эле АМТ аркылуу ТИМ органы берүүчү идентификациялык жеке номери жөнүндө маалыматты камтыган убактылуу укуктук макам.

Экономика министрлиги жаңы макамды алуучулардан 500 доллардан алууну көздөп жатат.

Бул токтомдун максаттары жана милдеттери  экономикадагы инновациялык долбоорлорду жана жогорку технологиялуу тармактарды өнүктүрүү жана жагымдуу шарттарды түзүү, КРда маалыматтык-коммуникациялык технологиялар тармагындагы чет элдик  жогорку квалификациялуу адистерди  тартуу жана программалык продуктуларды иштеп чыгуу болуп саналат.

Ошондой эле «Санариптик көчмөн» макамын алуучу  1 жылга виза алуу (бир жылдык   көп   берилүүчү виза 225 АКШ доллары), ишке уруксат алуу (10 000 же 20 000 сом), келген жерине каттоого туруу зарылчылыгынан бошотулат, ошондой эле идентификациялык жеке номерге ээ болот. Юстиция министрлигинен, Мамлекеттик салык кызматынан жеңилдетилген кызматтарды ала алат, башкача айтканда олуттуу жеңилдиктерге ээ болот.

Ошондой эле «Санариптик көчмөн» макамына арыздарды кабыл алууну жана тиешелүү кызматтарды көрсөтүү ТИМге жүктөлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Бүгүн Казакстан Республикасынын Түркестан шаарында Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) экономика жана соода министрлеринин 14-жыйыны болуп өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Султан Ахматов өз сөзүндө мурда жетишилген макулдашууларды практикалык жактан ишке ашыруунун маанилүүлүгүн, ошондой эле экономикалык

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Октябрь көчөсү - Чыгыш ЧЧК - Аламүдүн суусу - Путепроводная көчөсү. “ХБО” суу топтомосундагы

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

2025-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жеткени 19-февралда Финансы министрлигинин сайтына жарыяланганын "Азаттык" жазды. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыз ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 39,46% түздү. Анын ичинен 3 млрд 573,54 млн доллар ички, 5 млрд 347,8 млн

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК 2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатын көрсөтүүгө расмий лицензия сатып алды. Алдыдагы мундиаль тарыхтагы эң ири мелдеш болот. Кыргызстандыктар оюндарды түз эфирде жана жогорку сапатта УТРКнын каналдарынан көрө алышат. Футбол боюнча дүйнө чемпионаты FIFA 2026 11-июндан 19-июлга чейин үч өлкөдө — АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Бул турнир тарыхый болот: алгачкы