> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Халык Банктын» төрагасынын орун басары Валентина Коваленко «Бакай Банктын» төрагасынын орун басары болуп дайындалды
- URL: https://im.kg/all/2022/04/18/halyk-banktyn-t-ragasynyn-orun-basary-valentina-kovalenko-bakaj-banktyn-t-ragasynyn-orun-basary-bolup-dajyndaldy/
- Published: 2022-04-18T17:12:45.000Z
- Updated: 2023-05-30T07:13:18.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Бакай Банк» ААКда башкармалыктын төрагасынын жаңы орун басары дайындалды. Директорлор кеңешинин чечими менен Коваленко Валентина Айдаралиевна бул кызматка бекитилгенин Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) билдирди.** 

Коваленкону бул кызматка 18-апрелден тартып дайындоо чечими банктын директорлор кеңешинин 14-апрелдеги жыйынында кабыл алынган.

Белгилей кетсек, Коваленко 2018-жылдан 2021-жылга чейин «Халык Банк Кыргызстандын» төрагасынын орун басарыкызматын аркалаган.