> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандыктардын реалдуу айлык акысы бир жылда 1.8%га өстү
- URL: https://im.kg/all/2022/04/18/kyrgyzstandyktardyn-realduu-emgek-akysy-bir-zhylda-1-8-ga-st/
- Published: 2022-04-18T12:43:44.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:38.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**2022-жылдын январь-февраль айларында кыргызстандыктардын орточо эмгек акысы 20 163 сомду түздү (чакан ишканаларды эсепке албаганда). Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди.**

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу орточо айлык **номиналдык эмгек акы 13%га өстү** – 2021-жылдын январь-февраль айларында расмий түрдө иштеген кыргызстандыктар орточо эсеп менен 17 844 сом алышкан.

> **Реалдуу айлык акы** (инфляцияны эске алганда) январь-февраль айларында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу **1.8%га гана** өскөн.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, орточо чегерилген айлык акынын өсүш темпи экономикалык иштин бардык түрлөрүндөгү ишканаларда жана уюмдарда байкалган, бирок эң олуттуусу саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө (+35 %) жана тоо-кен (+34%) тармагында байкалган.