> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ПЧР-тестинин терс жыйынтыгы керек – республикалык штаб Кыргызстанга кирүү эрежелерин эскертет
- URL: https://im.kg/all/2022/04/18/pchr-testinin-ters-zhyjyntygy-kerek-respublikalyk-shtab-kyrgyzstanga-kir-erezhelerin-eskertet/
- Published: 2022-04-18T14:01:49.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:16:11.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб Кыргызстанга кирүү жана чыгуу эрежелерин бекитти. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.**

КРнын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар эл аралык каттамдар жана автотранспорт каражаттары менен мамлекеттик чек арадан өтүүдө **ПЧР-тестинин терс жыйынтыгын (72 саат мурун чыгарылган)** же эмдөөнүн толук курсунан өткөндүгү жөнүндө күбөлүк көрсөтүшү зарыл.

- ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары документтердин санариптик түрү катары **«**Мен COVID-19суз саякаттайм**»** мобилдик тиркемесин колдоно алышат.
- Учактын бортунда беткап кийүү жана антисептик каражаттарын колдонуу милдеттүү болуп саналат жана учакка COVID-19 клиникалык көрүнүштөрү жок жүргүнчүлөр гана киргизилет.
- Жүйөлүү себептер менен ПЧР-тесттин мөөнөтү аяктап калса (72 саат ), жүргүнчүлөр экспресс-тестирлөөдөн өтүүгө милдеттүү.

12 жашка чейинки балдарга ПЧР-тестинин терс жыйынтыгы же толук эмдөө алгандыгы тууралуу маалымкат талап кылынбайт.

Өлкөдөн чыгуу үчүн ПЧР-тестинин терс жыйынтыгы (72 саат мурун чыгарылган) же эмдөөнүн толук курсунан өткөндүгү жөнүндөгү күбөлүк талап кылынат.

> Ошондой эле «Манас» эл аралык аэропорту башка өлкөгө учуу алдында, чет мамлекеттеги учурдагы эрежелерин билип алуу зарыл экендигин белгилейт.