> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Сак болуңуз. Жасалма долларлар көбөйдү
- URL: https://im.kg/all/2022/04/18/sak-bolu-uz-zhasalma-dollarlar-k-b-jd/
- Published: 2022-04-18T17:53:30.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:38.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстандын валюта рыногунда АКШ долларынын жасалма банкнотторун табуу фактылары көбөйүп жаткандыгына байланыштуу, Улуттук банк калкты валюта алмаштыруу операцияларын жүргүзүүдө этият болууга чакырат.** 

Нак чет өлкө валютасынын аныктыгын тастыктоо үчүн коммерциялык банктардын жана алмашуу бюролорунун кызматкерлеринен аны валюталык детектордон текшерүүнү талап кылуу зарыл. 

> «Валюта алмаштыруу жайларына барганда, Улуттук банктын лицензиясынын бар экендигине көңүл буруу керек. Лицензия жана алмашуу бюросунун каттоодон өткөндүгү тууралуу катынын түп нускасы көрүнөө жерге илинүүгө тийиш», – деп айталт билдирүүдө. 

Чет өлкө валютасынын шектүү банкнотторуна экспертиза КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматы тарабынан жүргүзүлөт. 

Ошондой эле чет элкө валютасынын шектүү банкнотторун сатууга да жол берилбей тургандыгын эскерте кетмекчибиз, анткени жасалма банкнотторду даярдоо гана эмес, жайылтуу да КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесине ылайык, кылмыш жоопкерчилигине алып келет. 

> «Сак болуңуздар, чет элкө валютасынын банкнотторунун жасалма экендиги аныкталган учурда КРнын Ички иштер министрлигинин (РОВД) жакынкы райондук бөлүмүнө кайрылыңыз», – дейт Улуттук банк.