Салык кызматы I кварталда 36.4 млрд сом чогултту

Салык кызматы I кварталда 36.4 млрд сом чогултту

15-апрелде Мамлекеттик салык кызматында ведомствонун 2022-жылдын 1-кварталындагы ишинин жыйынтыгы боюнча коллегия жыйыны болуп өткөнүн аталган органдын маалымат кызматы кабарлады.

Салык кызматынын 3 ай ичинде салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу, салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызды өндүрүү, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн импорттолуучу товарларга карата КНСти башкаруу боюнча иштеринин жыйынтыктары чыгарылды.

Ошондой эле, ишкерлерге контролдук-кассалык машиналарды орнотуу боюнча иштин абалы каралды.

Салык кызматынын башчысы Алтынбек Абдувапов белгилегендей, ушул жылдын 1-кварталында салык боюнча план 1 млрд 125.9 млн сомго ашыгы менен аткарылып, мамлекеттик бюджетке 36 млрд 383.6 млн сом жыйналган. Бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14 млрд 640.5 млн сомго көп.

«Салыктар боюнча планды ашыгы менен аткаруу салыктык башкарууну жакшыртуу жана жаңы санариптик чечимдерди киргизүү боюнча көрүлгөн чаралардын аркасында мүмкүн болду. Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча да көрсөткүчтөр жакшы болду, мында 10 млрд 204.9 млн сом чогултулуп, 404.9 млн сомго ашыкча жыйналды. 2021-жылдын 1-кварталына салыштырмалуу 1 млрд 425.1 млн сомго көп чогултулду», – деди Абдувапов.

Мамлекеттик салык кызматынын башчысынын айтымында, быйылкы жылга Салык кызматынын алдына 155.6 млрд сом салыктарды жана 41.7 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу боюнча чоң тапшырма коюлган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Бүгүн Казакстан Республикасынын Түркестан шаарында Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) экономика жана соода министрлеринин 14-жыйыны болуп өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Султан Ахматов өз сөзүндө мурда жетишилген макулдашууларды практикалык жактан ишке ашыруунун маанилүүлүгүн, ошондой эле экономикалык

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Октябрь көчөсү - Чыгыш ЧЧК - Аламүдүн суусу - Путепроводная көчөсү. “ХБО” суу топтомосундагы

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

2025-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жеткени 19-февралда Финансы министрлигинин сайтына жарыяланганын "Азаттык" жазды. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыз ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 39,46% түздү. Анын ичинен 3 млрд 573,54 млн доллар ички, 5 млрд 347,8 млн

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК 2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатын көрсөтүүгө расмий лицензия сатып алды. Алдыдагы мундиаль тарыхтагы эң ири мелдеш болот. Кыргызстандыктар оюндарды түз эфирде жана жогорку сапатта УТРКнын каналдарынан көрө алышат. Футбол боюнча дүйнө чемпионаты FIFA 2026 11-июндан 19-июлга чейин үч өлкөдө — АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Бул турнир тарыхый болот: алгачкы