Айыл чарбасына берилчү жеңилдетилген кредитти алууга бал өндүрүү тармагы кирбей калган
Айыл чарбасына берилчү жеңилдетилген кредитти алууга бал өндүрүү тармагы кирбей калган. Бул тууралу кечээ, 18-апрелде Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында айтылды.
Жыйында Aman GreenFood компаниясынын жетекчиси Кадыр Алы 2013-жылдан бери балды жыйнап, экспортко Америка, Япония, Арап өлкөлөрүнө чыгарып келгенин, бирок бул жолку жеңилдетилген кредит алууга бал тармагы кирбей калганын айтты.
«Союз мезгилинде Кыргызстандан 12 миң тонна бал чыкса, 2020-жылы ал 1 300 тоннага түшүп калды. Жеңилдетилген насыя берүүдө бал тармагынын кирбей калганы бизди аябай таң калтырды. Биз бал менен мактанып, барган жерибизге көтөрө барабыз. Ишкананын жана бул тармактагылардын атынан министр мырзага балчылыкты өнүктүрүү боюнча концепцияны жибергенбиз. Бул жерде 4-5 көйгөй бар, ошого ылайыктап туруп, акча бөлүнсө жакшы болмок», – деди Aman GreenFood компаниясынын жетекчиси.
Ошондой эле ал бал жыйноо, лаборатория, экспортко даярдоо сыяктуу бул тармакка жалпы керектелүүчү каражат 500 млн сомдон 1 млрд сомго чейин болушу мүмкүн экендигин кошумчалады.