Дыйкандарга бөлүнгөн кредитти министрлер менен депутаттардын компаниялары алышат
Депутат Эльвира Сурабалдиева дыйкандарды колдоого бөлүнгөн жеңилдетилген кредитти Министрлер кабинетинин мүчөлөрү менен депутаттардын компаниялары ала тургандыгын өзүнүн Twitter баракчасына жазды.
Парламенттик жыйында Сурабалдиева тандоо критерийлерине, ошондой эле аталган насыялар тууралуу маалымат айылдардагы дыйкандарга кандай жеткирилип жатканына кызыкты.
Донорами на обслуживание внешнего долга выделено 10 млрд сомов. Правительство решило помочь с/х, кредитовав их из этих средств на 4 млрд. Благое дело, да. Но почему в списке компании членов кабмина и ЖК? В селах простые фермеры и не мечтают о такой господдержке. pic.twitter.com/0OG86wDxcP
— Эльвира Сурабалдиева (@ElviraSur) April 18, 2022
Эске салсак, антикризистик пландын алкагында Министрлер кабинети айыл чарба тармагын 6% менен насыялоого 26 млрд сом бөлгөн.