Экономика министрлиги өлкөнүн экономикасы жакшы динамика көрсөтүп жатканын айтат
Экономика жана коммерция министрлиги 2022-жылдын январь-март айларында ИДП 4.5%га өскөнүн билдирди.
Министрлик түзүлгөн кырдаалга карабастан, экономика жакшы динамика көрсөтүп жатат дейт. Ага ылайык:
- Январь-март айларында айыл чарбасында 35.6 млрд сомдук продукция өндүрүлгөн. Айыл чарбасынын өсүшү мал чарба продукциясын 2.3%га көбөйтүүнүн эсебинен камсыз кылынды
- 2022-жылдын биринчи кварталында кайра иштетүү өнөр жайында 52.6 млрд сомдук продукция өндүрүлүп, реалдуу өсүш 114.7%ды түздү.
- Өндүрүштүн өсүшү белгиленген өнөр жайдын түрлөрү: мунай продуктуларын өндүрүү (+31.8%), жыгач жана кагаз буюмдарын өндүрүү (+25.5%), фармацевтика (+21.3%), негизги металлдар жана даяр металл буюмдары (+ 20.3%, тамак-аш өнөр жайы (+14.1%), текстиль өндүрүшү, тигүү жана бут кийим өндүрүшү (+5.8%).
- Курулуш сектору оң динамикасын көрсөтө баштады. Үстүбүздөгү жылдын 3 айынын жыйынтыгы боюнча өсүш 2.2%ды түздү.
- Биринчи чейректин жыйынтыгы боюнча дүң (+11.8%) жана чекене (+7.3%) сооданын көлөмүнүн өсүшү байкалган.
- Мейманкана индустриясы өткөн жылдан бери жакшы динамикасын көрсөтүүнү улантууда жана ушул жылдын 3 айынын жыйынтыгы боюнча 43.9% өстү.
- 2022-жылдын биринчи кварталында коомдук тамактануучу жайлардын (ресторандар, кафелер ж.б.) кызмат көрсөтүүлөрүнүн көлөмү 3.4 млрд сомду түзүп, 7.7%га өстү.
- Байланыш тармагында кызмат көрсөтүүнүн көлөмү 8.1%га өсүп, 6.3 млрд сомго жетти.
- 2022-жылдын январь-февраль айларында КРнын тышкы соода жүгүртүүсү 1 349.5 млн АКШ долларын түзүп, 1.6 эсеге өстү.
- 2022-жылдын январь-февраль айларында экспорттук жеткирүүлөрдүн көлөмү 3.8%га өсүп, 246.3 млн АКШ долларын түзгөн.