> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Экономика министрлиги өлкөнүн экономикасы жакшы динамика көрсөтүп жатканын айтат
- URL: https://im.kg/all/2022/04/19/ekonomika-ministrligi-lk-n-n-ekonomikasy-zhakshy-dinamika-k-rs-t-p-zhatkanyn-ajtat/
- Published: 2022-04-19T15:55:25.000Z
- Updated: 2023-05-31T06:54:32.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Экономика жана коммерция министрлиги 2022-жылдын январь-март айларында ИДП 4.5%га өскөнүн билдирди.**

Министрлик түзүлгөн кырдаалга карабастан, экономика жакшы динамика көрсөтүп жатат дейт. Ага ылайык:

- Январь-март айларында **айыл чарбасында 35.6 млрд сомдук** продукция өндүрүлгөн. Айыл чарбасынын өсүшү мал чарба продукциясын 2.3%га көбөйтүүнүн эсебинен камсыз кылынды
- 2022-жылдын биринчи кварталында **кайра иштетүү өнөр жайында** **52.6 млрд сомдук** продукция өндүрүлүп, реалдуу өсүш 114.7%ды түздү.
- Өндүрүштүн өсүшү белгиленген **өнөр жайдын түрлөрү:** мунай продуктуларын өндүрүү (+31.8%), жыгач жана кагаз буюмдарын өндүрүү (+25.5%), фармацевтика (+21.3%), негизги металлдар жана даяр металл буюмдары (+ 20.3%, тамак-аш өнөр жайы (+14.1%), текстиль өндүрүшү, тигүү жана бут кийим өндүрүшү (+5.8%).
- **Курулуш сектору** оң динамикасын көрсөтө баштады. Үстүбүздөгү жылдын 3 айынын жыйынтыгы боюнча **өсүш 2.2%ды** түздү.
- Биринчи чейректин жыйынтыгы боюнча **дүң** (+11.8%) жана **чекене** (+7.3%) **сооданын** көлөмүнүн өсүшү байкалган.
- **Мейманкана индустриясы** өткөн жылдан бери жакшы динамикасын көрсөтүүнү улантууда жана ушул жылдын 3 айынын жыйынтыгы боюнча **43.9%** өстү.
- 2022-жылдын биринчи кварталында **коомдук тамактануучу жайлардын** (ресторандар, кафелер ж.б.) кызмат көрсөтүүлөрүнүн көлөмү **3.4 млрд сомду** түзүп, 7.7%га өстү.
- **Байланыш тармагында кызмат** көрсөтүүнүн көлөмү 8.1%га өсүп, **6.3 млрд сомго** жетти.
- 2022-жылдын январь-февраль айларында КРнын **тышкы соода жүгүртүүсү 1** **349.5 млн АКШ долларын** түзүп, 1.6 эсеге өстү.
- 2022-жылдын январь-февраль айларында **экспорттук жеткирүүлөрдүн** көлөмү 3.8%га өсүп, **246.3 млн АКШ долларын** түзгөн.