> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# I кварталда өлкөдөгү ички сооданын көлөмү 112 млрд сомго жетти
- URL: https://im.kg/all/2022/04/19/i-kvartalda-lk-d-g-ichki-soodanyn-k-l-m-112-mlrd-somgo-zhetti/
- Published: 2022-04-19T10:43:47.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:38.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында Кыргызстанда дүң жана чекене сооданын өсүүсү 6.7%ды түздү. Бул мезгилде өлкөдөгү ишкерлер 112 млрд 437 млн сомдук (азыркы курс боюнча 1.38 млрд долларга жакын) соода жүргүзүшкөнүн Улуттук статистика комитети билдирди.**

> Аталган отчеттук мезгилде дүң соода 11.8%га өскөн. Чекене соода кылгандардыкы болсо 7.3%га көбөйгөн.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын январь-февраль айларында ушул эле мезгилге салыштырмалуу дүң жана чекене сооданын көлөмү 11.9%га кыскарган болчу.