> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Карыздан карызга. Бишкекке алына турган автобустар 16 жылга жарайт, кредитти КР 2053-жылга чейин төлөйт
- URL: https://im.kg/all/2022/04/19/karyzdan-karyzga-bishkekke-alyna-turgan-avtobustar-16-zhylga-zharajt-kreditti-kr-2053-zhylga-chejin-t-l-jt/
- Published: 2022-04-19T12:07:44.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:27:17.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 19-апрелде Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=iLzwYuypCWY) Азия өнүктүрүү банкы менен КР Министрлер кабинетинин ортосундагы кредиттик макулдашуу** **боюнча долбоор каралды.** 

Ага ылайык, борборго алына турган 120 даана энергия үнөмдөөчү электр автобустарына Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкынан [56 млн доллар алат](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/04/19/kr-bishkekke-avtobustardy-aluu-ch-n-a-bd-n-dagy-56-mln-dollar-kredit-alat/). Анын 25 млн доллары кредит катарында, 25 млн доллары грант түрүндө берилет.

Вице-мэр Бактыбек Абдиевдин берген маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө Бишкекте 185 даана троллейбус жана 85 автобус бар, андан тышкары, 1200-1500 микроавтобустар жүрөт. Учурда борборго чоң габариттеги 1200 автобус жетишпейт. Вице-мэр шаардын экологиясына карап электр автобустарын алуу каралып жатканын жана алына турган кредиттин төлөө мөөнөтү жөнүндө айтты.

> «Алынган кредитти декабрда жана июнь айларында эки транш менен төлөйт экенбиз, ошентип **2053-жылга чейин** кутулганга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Автобустардын мүнөздөмөсүнө келсек, узундугу 11-12.5 метрлик, 28 орундуу болот, **эксплуатациялык мөөнөтү 16 жыл**», – деди Абдиев.

Ошондой эле ал акыркы жылдары 2013-жылы 79, 2018-жылы 52 троллейбус алынганын жана алардын карызы 2025-жылы бүтөөрүн, жылына ал үчүн 75 млн сомдон мэрия төлөп берип жатканын кошумчалады.