> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КР Бишкекке автобустарды алуу үчүн АӨБдөн дагы 56 млн доллар кредит алат
- URL: https://im.kg/all/2022/04/19/kr-bishkekke-avtobustardy-aluu-ch-n-a-bd-n-dagy-56-mln-dollar-kredit-alat/
- Published: 2022-04-19T11:34:18.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:38.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 19-апрелде Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин [жыйынында](https://www.youtube.com/watch?v=iLzwYuypCWY) Азия өнүктүрүү банкы менен КР Министрлер кабинетинин ортосундагы кредиттик макулдашуу боюнча Финансы министрлигинин орун басары Мэлс Аттокуров баяндама жасады.** 

Анын берген маалыматына ылайык, алынган кредитке борборго 120 даана энергия үнөмдөөчү электр автобустары, 3 жылдык керектелүүчү тетиктер, эвакуатор кошо алынат. 

> «Бул **56 млн АКШ долларын** түзөт, анын ичинен 25 млн доллары кредит катарында, 25 млн доллары грант катарында берилет. Ал эми 8.9 млн доллары өкмөттүн каржылоосу болуп саналат. 

> Долбоордун кредиттик бөлүгү төмөнкү шартта берилет: 32 жылга, анын ичинен 24 жылы кредиттик мөөнөт болуп эсептелинет, жеңилдетилген мезгил 8 жыл. Жалпысынан бул жеңилдетилген кредит категориясына кирет. Пайыздык чени жеңилдетилген 8 жылга 1%дык өлчөм менен, ал эми мөөнөтү аяктагандан кийин 1.5% менен төлөнөт», – деди Аттокуров.

Эскерте кетсек, Кыргызстан борборго 250 автобус сатып алуу үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан да 25 млн евро алат. Бул алына турган [кытайлык автобустарга](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/03/16/kyrgyzstan-er-bd-n-algan-kreditke-kytajdan-avtobus-alat/) Кыргызстан ЕРӨБгө жыл сайын [2.8 млн евродон](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/02/21/kyrgyzstan-zhakynda-ala-turgan-avtobustarga-zhyl-sajyn-2-8-mln-evrodon-kredit-t-l-jt-dagy-karyz/) кредит төлөйт.