«Кыргызкоммерцбанк» менен «Оптима Банктын» директорлор кеңешинде өзгөрүүлөр болду
«Кыргызкоммерцбанк» ААКтын акционерлери банктын директорлор кеңешинин эки жаңы мүчөсүн дайындоого макулдук беришти.
Директорлор кеңешине жумуштан кеткен мүчөлөрдүн ордуна Асан Усупов менен Ясунари Харада шайланды.
Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн саны өзгөрүүсүз калды – ал жети адамдан турат. Банктын негизги башкаруу органынын калган курамы да өзгөрүүсүз калган.
Ошондой эле «Оптима Банктын» да директорлор кеңешинин жетекчиси алмашты. Ага ылайык, Айдосов Нурдаулет аталган банктын директорлор кеңешинин жаңы жетекчиси болуп дайындалды. Ал үстүбүздөгү жылдын 15-мартында Казакстандын First Heartland Jusan Bank (Оптима Банктын башкы компаниясы) башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалган эле, азыр болсо Айбек Кайыптын ордуна келди.
Учурда «Оптима Банктын» директорлор кеңешинин курамына: Айдосов Нурдаулет (төрагасы), Бакырдин Сартказиев, Гүлнар Пазылова, Бакыт Шамырканов жана Рустем Хамзин кирет.