> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Кыргызкоммерцбанк» менен «Оптима Банктын» директорлор кеңешинде өзгөрүүлөр болду
- URL: https://im.kg/all/2022/04/19/kyrgyzkommercbank-menen-optima-banktyn-direktorlor-ke-eshinde-zg-r-l-r-boldu/
- Published: 2022-04-19T14:45:30.000Z
- Updated: 2023-05-30T06:43:16.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«Кыргызкоммерцбанк» ААКтын акционерлери банктын директорлор кеңешинин эки жаңы мүчөсүн дайындоого макулдук беришти.**

> Директорлор кеңешине жумуштан кеткен мүчөлөрдүн ордуна **Асан Усупов** менен **Ясунари Харада** шайланды.

Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн саны өзгөрүүсүз калды – ал жети адамдан турат. Банктын негизги башкаруу органынын калган курамы да өзгөрүүсүз калган.

> Ошондой эле **«Оптима Банктын»** да директорлор кеңешинин жетекчиси алмашты. Ага ылайык, **Айдосов Нурдаулет** аталган банктын директорлор кеңешинин жаңы жетекчиси болуп дайындалды. Ал үстүбүздөгү жылдын 15-мартында Казакстандын First Heartland Jusan Bank (Оптима Банктын башкы компаниясы) башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалган эле, азыр болсо Айбек Кайыптын ордуна келди.

Учурда «Оптима Банктын» директорлор кеңешинин курамына: Айдосов Нурдаулет (төрагасы), Бакырдин Сартказиев, Гүлнар Пазылова, Бакыт Шамырканов жана Рустем Хамзин кирет.