> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандыктар Россияга учак менен гана бара алышат
- URL: https://im.kg/all/2022/04/19/kyrgyzstandyktar-rossiyaga-uchak-menen-gana-bara-alyshat/
- Published: 2022-04-19T14:30:48.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:38.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КРнын Россиядагы элчилиги кыргызстандыктар Россияга учак менен гана бара алаарын эскертти.**

Элчилик 2022-жылдын 11-апрелинен тартып, Казакстанга КРнын, Россиянын жана Өзбекстандын чек арасы боюнча өтүүчү кургактыктан өткөрүү пункттары аркылуу өтүүгө уруксат берилгенин билдирет.

> «Бирок Россия Өкмөтү тарабынан чет өлкөлүк жарандарга, анын ичинде КРнын жарандарына коронавирус инфекциясына карата эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу **Россияга кургактыктагы өткөрүү пункттары аркылуу кирүүгө тыюу салуу чечими күчүндө** калгандыгын белгилейбиз», – дейт элчилик. 

Россиядан аталган пункттар аркылуу **автоунаа менен чыгууга гана** уруксат берилет. Учурда КРнын жарандарына Россиянын аймагына аба аркылуу кирүүгө гана уруксат берилген.