Ташиевдин баласы Жалал-Абад облусундагы тендерлерди атаандашсыз утууда – Temirov Live
Temirov Live’дын иликтөөчү журналисттери УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев Жалал-Абад облусундагы тендерлерди катары менен утуп жатканы тууралуу иликтөө жарыялашты.
Журналисттердин иликтөөсүнө ылайык, Тай-Мурас Ташиевге таандык «Мока Групп» компаниясы үстүбүздөгү жылдын 31-январында Мамлекеттик сатып алуулар сайтына катталган жана андан соң Жалал-Абаддагы тендерлерди утуп баштаган.
Ал Жалал-Абад шаарындагы Жаратылыш ресурстар министрлигинин күйүүчү-майлоочу майларды алып келүү боюнча тендерин, ошондой эле шаардык кеңешке жана Жалал-Абад шаарынын мэриясына бензин жеткирүү боюнча тендерде жеңип чыккан. Бул тендерлерге Таймурас Ташиевдин компаниясы гана катышканын журналисттер белгилешүүдө.