> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ташиевдин баласы Жалал-Абад облусундагы тендерлерди атаандашсыз утууда – Temirov Live
- URL: https://im.kg/all/2022/04/19/tashievdin-balasy-zhalal-abad-oblusundagy-tenderlerdi-ataandashsyz-utuuda-temirov-live/
- Published: 2022-04-19T17:36:37.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:38.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Temirov Live’дын иликтөөчү журналисттери УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев Жалал-Абад облусундагы тендерлерди катары менен утуп жатканы тууралуу иликтөө жарыялашты.**

Журналисттердин иликтөөсүнө ылайык, Тай-Мурас Ташиевге таандык «Мока Групп» компаниясы үстүбүздөгү жылдын 31-январында Мамлекеттик сатып алуулар сайтына катталган жана андан соң Жалал-Абаддагы тендерлерди утуп баштаган.

> Ал Жалал-Абад шаарындагы Жаратылыш ресурстар министрлигинин күйүүчү-майлоочу майларды алып келүү боюнча тендерин, ошондой эле шаардык кеңешке жана Жалал-Абад шаарынын мэриясына бензин жеткирүү боюнча тендерде жеңип чыккан. Бул тендерлерге Таймурас Ташиевдин компаниясы гана катышканын журналисттер белгилешүүдө.