ТИМ түрк элчиси менен инвестициялык фонд түзүү маселесин талкуулады
Бүгүн, 19-апрелде КРнын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркиянын КРгы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ахмет Садык Доганды кабыл алганын ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк стратегиялык кызматташтыгынын учурдагы күн тартибин талкуулап, бардык деңгээлдеги кыргыз-түрк саясий диалогунун учурдагы жогорку деңгээлин белгилешти, жакынкы келечекте өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттарын белгилешип, алдыдагы иш-чаралардын жана пландаштырылган бийик жана жогорку деңгээлдеги иш сапарлардын графигин карап чыгышты.
«Казакбаев эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн айтып, соода жүгүртүү көлөмүн көбөйтүүгө, долбоорлорду ишке ашырууга, эки өлкөнү кызыктырган инвестициялык фондду түзүү жана кыргыз-түрк өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги Соода-экономикалык кызматташтык боюнча комиссиясынын (IGC) жыйынын өткөрүү маселесин ортого салды», – деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Казакбаев Түрк мамлекеттер уюмунун жана Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясында (ТүркПА) кызматташтыкты өнүктүрүү алкагында Тараптардын ортосундагы тыгыз өз ара аракеттенүүнү улантууга маани берүү менен кыргыз тарап жүргүзүп жаткан иш-чаралардын маанилүүлүгүн белгиледи.