Жерүйдө көп жылдардан бери биринчи жолу кайрадан балык өстүрүүнү пландап жатышат

Жерүйдө көп жылдардан бери биринчи жолу кайрадан балык өстүрүүнү пландап жатышат

Жерүйдө балык өстүрүү мүмкүнчүлүгүн түзүү үчүн суу ресурстарынын сапаты изилденип жатат.

«Альянс Алтын» компаниясы КРнын Улуттук илимдер академиясынын Биология институту жана Талас областтык мергенчилер жана балыкчылар коому менен биргеликте Таластын дарыяларын балык өстүрүүгө камдоо мүмкүнчүлүгүн аныктоо үчүн суу ресурстарына мониторинг жүргүзүү боюнча изилдөө иштерин жүргүзүүдө.

Мониторинг Жерүй кенинин лицензиялык аянтынан агып өткөн Түз-Ашуу, Жерүй, Чоң-Туз жана Чоң-Чычкан дарыяларында, ошондой эле Талас районунун Калба жана Күмүштак дарыяларында жүргүзүлдү.

Илимий-изилдөө иштеринин биринчи этабында жер үстүндөгү суулардын курамына гидробиологиялык изилдөөлөр жүргүзүлүп, аны деталдуу изилдеп чыккандан кийин балык кое берүү боюнча чечим кабыл алынат.

«Алдын ала экспресс-талдоолор жер үстүндөгү суулардын курамы балык чарбасы үчүн суу объектилеринин стандарттарына туура келерин көрсөткөн, бул өз кезегинде Талас облусунда биологиялык ар түрдүүлүктү жакшыртууга жана балык чарбасын өнүктүрүүгө үмүт бар экенин билдирет.

Бул максатта «Альянс Алтын» ЖЧК Ысык-Көлдүн форель чабактарын сатып алып, аларды Талас районунун атайын балыктар үчүн азык менен камсыздалган дарыяларында кое берүүгө каржылык жардам көрсөтөт», – деп билдиришти компаниядан.

Эске салсак, 2022-жылдын апрель айына карата Жерүй кенин иштетип жаткан «Альянс Алтын» компаниясы Талас районунун жергиликтүү бюджетине инфраструктураны өнүктүрүү жана кармоого 313 млн 454 миң сом бөлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Бүгүн Казакстан Республикасынын Түркестан шаарында Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) экономика жана соода министрлеринин 14-жыйыны болуп өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Султан Ахматов өз сөзүндө мурда жетишилген макулдашууларды практикалык жактан ишке ашыруунун маанилүүлүгүн, ошондой эле экономикалык

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Октябрь көчөсү - Чыгыш ЧЧК - Аламүдүн суусу - Путепроводная көчөсү. “ХБО” суу топтомосундагы

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

2025-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жеткени 19-февралда Финансы министрлигинин сайтына жарыяланганын "Азаттык" жазды. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыз ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 39,46% түздү. Анын ичинен 3 млрд 573,54 млн доллар ички, 5 млрд 347,8 млн

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК 2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатын көрсөтүүгө расмий лицензия сатып алды. Алдыдагы мундиаль тарыхтагы эң ири мелдеш болот. Кыргызстандыктар оюндарды түз эфирде жана жогорку сапатта УТРКнын каналдарынан көрө алышат. Футбол боюнча дүйнө чемпионаты FIFA 2026 11-июндан 19-июлга чейин үч өлкөдө — АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Бул турнир тарыхый болот: алгачкы