> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Акылбек Жапаров иш сапары менен Вашингтондо – энергетика тармагына инвестиция тартуу жолдорун карайт
- URL: https://im.kg/all/2022/04/20/akylbek-zhaparov-ish-sapary-menen-vashingtondo-energetika-tarmagyna-investiciya-tartuu-zholdorun-karajt/
- Published: 2022-04-20T11:29:23.000Z
- Updated: 2023-05-30T11:45:57.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Вашингтон шаарында жумушчу сапары менен жүрөт. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.** 

Белгилей кетсек, Министрлер кабинети өз ишинде энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, айлана-чөйрөнү коргоо, коопсуз энергетика жана экологиялык балансты сактоо жаатындагы долбоорлорду, анын ичинде Глазго шаарында өткөн Климат боюнча дүйнөлүк лидерлердин саммитинде жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө маани берет. 

> Жумушчу сапардын жүрүшүндө Министрлер кабинетинин башчысы Дүйнөлүк банк тобунун жана Эл аралык валюта фондунун башкаруучулар кеңешинин ар жылдык жыйынына катышат, ошондой эле КР менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташтыктын 30 жылдыгынын алкагында бир катар жолугушууларды өткөрөт. 

Бул жолугушууларда экономиканы жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, энергетика тармагына инвестиция тартуу жана кичи ГЭСтерди жана Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга байланыштуу маселелер талкууланат. 

Расмий делегациянын курамына финансы министри Алмаз Бакетаев жана юстиция министри Аяз Баетов кирген.