I кварталда бажы төлөмдөрүнөн 14.2 млрд сом түштү
Ушул жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча такталган маалыматтарга ылайык, бажы төлөмдөрүнүн иш жүзүндө түшүүсү 14.2 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Берилген маалыматка ылайык, 2021-жылдын I кварталы менен салыштырганда түшүүлөр 5.8 млрд сомго көбөйгөн, же өсүү темпи 168.3%ды түзгөн.
ФМ тарабынан белгиленген пландык көрсөткүчтөр 109.2% аткарылган же 1.2 млрд сомго көп чогултулган.