> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КР Дүйнөлүк банк менен 150 млн долларлык эки  келишимге кол койду
- URL: https://im.kg/all/2022/04/20/kr-d-jn-l-k-bank-menen-150-mln-dollarlyk-eki-kelishimge-kol-kojdu/
- Published: 2022-04-20T14:28:37.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:37.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КР менен Дүйнөлүк банктын кызматташтыгынын 30 жылдыгынын алкагында Дүйнөлүк банктын жетекчилиги Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган республиканын делегациясы менен жолугушуу өткөрүп, анда эки келишимге кол коюлду.** **Бул тууралуу банктын маалымат кызматы билдирди.**

> Жолугушууда эки долбоор боюнча жаңы каржылоо келишимдерине кол коюлду: **Баткен облусун өнүктүрүү** долбооруна **50 млн доллар** жана **климаттын өзгөрүшүнө карата туруктуу суу чарба кызматын жакшыртуу** долбооруна **100 млн доллар.**

**[Economist.kg](http://localhost/info-portal/)** буга чейин[ маалымдагандай](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/04/11/d-jn-l-k-bank-batken-oblusun-n-kt-r-g-50-mln-dollar-beret/), каражаттын жарымы грант түрүндө болсо, калган жарымы 0.75% менен 38 жылдык мөөнөткө, 6 жылдык жеңилдетилген насыя түрүндө берилет.

Ошондой эле Дүйнөлүк банктын маалымат кызматы билдиргенине караганда, жолугушууда өнүгүү приоритеттери жана Дүйнөлүк банктын адамдык капиталга колдоосу, өлкөнүн энергетика тармагындагы реформалар, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү сыяктуу маселелердин кеңири чөйрөсү талкууланды. Ошондой эле жеке секторду өнүктүрүүгө жана калктын аялуу катмарын коргоого өзгөчө көңүл бурулган.

Эскерте кетсек, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров учурда [иш сапары](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/04/20/akylbek-zhaparov-ish-sapary-menen-vashingtondo-energetika-tarmagyna-investiciya-tartuu-zholdorun-karajt/) менен Америкада жүрөт.

- ![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/04/kg.economist.kg-22-1024x538.png)
- ![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/04/VB3.png)
- ![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/04/VB2-1024x755.jpg)