> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КРда 1.5 млн жаш бала бар, маселе, келечекте аларды канткенде креативдүү экономиканын адамына айлантабыз – Абакиров
- URL: https://im.kg/all/2022/04/20/krda-1-5-mln-zhash-bala-bar-masele-kelechekte-alardy-kantkende-kreativd-ekonomikanyn-adamyna-ajlantabyz-abakirov/
- Published: 2022-04-20T16:29:11.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:59:17.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**КРда 1.5 млн жаш бала бар, маселе, келечекте аларды канткенде креативдүү экономиканын адамына айлантабыз. Мындай оюн бүгүн, 20-апрелде [Economist.kg](http://localhost/info-portal/) басылмасы уюштурган «Креативдүү экономика – Кыргызстандын жаркын келечегине болгон үмүтүбү?» деп аталган тегерек столдо Элдар Абакиров айтты.**

Экономика министринин экс-орун басары КРда калктын саны 6.5 млн адамга жетсе, анын дээрлик 1.5 миллиону жаш бала экенин, бул жаатта өлкөнүн потенциалы жогору экенин билдирди.

> «Маселе, биз канткенде аларды креативдүү экономиканын адамдарына айлантабыз? Ал үчүн ар бир мектепке жакшы программист-мугалим керек. Алар окуучуларга бардыгын жеткиликтүү айтып бериши зарыл. Жакшы адистерди аймактарга жиберип, аларга жакшы шарт түзүп бериш керек», – деди ал.

Ошондой эле Абакиров Чыңгыз Айтматов, Сүймөнкул Чокморов, Болот Шамшиев сыяктуу улуу адамдар айылдан чыкканын, ал жакта кырдаал таптакыр башкача экенин, айылдардагы балдардын ойлонуу жөндөмдүүлүгү өзгөчө экенин айтты.