КРга келүүчү IT адистерди каттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү маселелерин иштеп чыгуу тапшырылды
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев экспортко багытталган жана IT ишканалар тармагынын өкүлдөрү менен жолугушуп, Экономика министрлигине КРга келүүчү IT адистерди каттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү маселелерин иштеп чыгууну тапшырды.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары «жашыл», креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө, санариптештирүүгө багыт алганын жана экспортту өнүктүрүү, өнөр жайды чыңдоо маанилүү экенин айтты.
Экономика жана коммерция министрлигине Wildberries маркетплейсте ата мекендик жеткирүүчүлөрдүн катталуусун жана толук кандуу ишин калыбына келтирүү маселесин, ошондой эле Кыргызстанга келүүчү IT адистерди каттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү маселелерин иштеп чыгуу тапшырылды.