> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КРга келүүчү IT адистерди каттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү маселелерин иштеп чыгуу тапшырылды
- URL: https://im.kg/all/2022/04/20/krga-kel-ch-it-adisterdi-kattoo-zhol-zhobolorun-zh-n-k-jl-sht-r-maselelerin-ishtep-chyguu-tapshyryldy/
- Published: 2022-04-20T11:12:55.000Z
- Updated: 2023-05-31T04:59:36.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев экспортко багытталган жана IT ишканалар тармагынын өкүлдөрү менен жолугушуп, Экономика министрлигине КРга келүүчү IT адистерди каттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү маселелерин иштеп чыгууну тапшырды.** 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары «жашыл», креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө, санариптештирүүгө багыт алганын жана экспортту өнүктүрүү, өнөр жайды чыңдоо маанилүү экенин айтты.

> Экономика жана коммерция министрлигине Wildberries маркетплейсте ата мекендик жеткирүүчүлөрдүн катталуусун жана толук кандуу ишин калыбына келтирүү маселесин, ошондой эле Кыргызстанга келүүчү **IT адистерди каттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү** маселелерин иштеп чыгуу тапшырылды.