> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Кумтөр» ишканасынан бөлүнгөн 60 млн доллар мыйзамсыз сарпталган
- URL: https://im.kg/all/2022/04/20/kumt-r-ishkanasynan-b-l-ng-n-60-mln-dollar-myjzamsyz-sarptalgan/
- Published: 2022-04-20T17:19:59.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:37.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында «КРнын 2020-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу» мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды. Анда «Кумтөр» ишканасынан 2020-жылы Ысык-Көлдүн экологиясын коргоого бөлүнгөн 60 млн доллардан ашык каражат мыйзамсыз сарпталганы айтылды.**

Тагыраак айтканда, ал кездеги өкмөт бөлүнгөн каражатты башка максатта колдонгон. Эсеп палатасы «Кумтөр» бөлгөн 64 млн доллардын 60.1 млн доллары бюджетти колдоого жумшалып кеткенин билдирди.

Эсеп палатасынын аудитору Алимжан Байгазаковдун билдиргенине караганда, 2020-жылдын республикалык бюджетинин аткарылышы боюнча аудиттик текшерүүдө жетишпестиктер аныкталып, анын суммасы **43 млрд сомдун** тегерегинде болгон.

Ал эми депутат Нурлан Шакиев 43 млрд сомдун канчасы калыбына келтирилгенин сурады.

> «Текшерүү башталганда эле мыйзамдын өзү туура эмес экендигин жүйө келтирип, 19.7 млрд сомун текшерүүдөн баш тартканбыз. Анткени биз мыйзамдын аткарылышын текшеребиз. Калган мыйзам бузуунун ичинен 4 млрд 900 млн сому гана калыбына келтириле элек. Бул боюнча Башкы прокуратурага кат жөнөтүлгөн», – деди Байгазаков.

Бирок Башкы прокуратуранын өкүлү аталган иштер боюнча толук маалымат бере алган жок. Жыйынтыгында депутаттардын сунушу менен мыйзам долбоору кайрадан комитеттин кароосуна жөнөтүлдү.