Улуттук банк акча которуулар боюнча жаңы эрежелерди киргизди – КР аркылуу Россиядан жана Казакстандан акча алып чыгып кетүү көбөйдү

Улуттук банк акча которуулар боюнча жаңы эрежелерди киргизди – КР аркылуу Россиядан жана Казакстандан акча алып чыгып кетүү көбөйдү

КРнын экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу, ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу жана накталай АКШ долларынын КРнын чегинен тышкары агылып чыгышынын терс таасирин минималдаштыруу максатында Улуттук банк КРгы акча которуу системалары боюнча акча которуулардын эрежелерине убактылуу өзгөртүүлөрдү киргизди.

Белгилей кетсек, эсеп ачпастан акча которуу системалары аркылуу акча которууларды жеке адамдар гана жүргүзө алышат. 

Өзгөртүүлөрдү киргизүү акыркы мезгилде РФнын жана Казакстандын АКШ долларында келип түшкөн акча которуулардын көлөмү кескин көбөйүп, кардарлар которуу валютасында, б.а. которууну нак АКШ доллары менен берүүнү суранып жаткандыгы менен шартталган. 

Эми КРнын аймагында эл аралык акча которуу системасы аркылуу акча которууну алуучуга берүү, жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында же сом улуттук валютасында гана болушу мүмкүн. 

Мисалы, эгерде Россиядан акча которулган болсо, ал алуучуга орус рублинде гана берилиши керек, эгерде Казакстандан болсо – казак теңгесинде гана, ал эми башка өлкөдөн болсо – анда коммерциялык банктын алмашуу курсу боюнча улуттук валютада берилет.

Эгерде которулган валюта КРнын аймагында кеңири колдонулбаган болсо, банк Улуттук банктын эсептик курсун колдоно алат. Бул учурда кардарга валюта курсу тууралуу алдын ала маалымат берилиши керек. Акча которууну конвертациялоонун эрежелери өзгөрүүсүз калтырылды. Коммерциялык банк алуучунун макулдугу менен акча которууну улуттук валютадагы сомго гана конвертациялай алат. 

Кардар КРнын коммерциялык банкына акча которууну анын банктык эсебине же электрондук капчыгына чегерүү боюнча буйрутма бере алат. КРнын коммерциялык банкы ички жол-жоболорго ылайык эсепти өз курсу боюнча валютага конвертациялайт же аны кардардын улуттук валютадагы электрондук капчыгына которот. Буга кошумча, эсеп валютасына алмашуу курсу жөнүндө кардар алдын ала кабардар болушу керек. 

Эгерде жөнөтүүчү КРнын коммерциялык банкында ачылган долларлык эсебине Россиядан рубль менен акча которууну жүргүзсө, анда КРнын коммерциялык банкы ички жол-жоболорго ылайык, өзүнүн курсу боюнча акчаны АКШ долларына которот.  

Бул өзгөртүүлөр убактылуу болуп саналат жана накталай АКШ долларынын КРнын чегинен тышкары агылып чыгышына терс таасирин минималдаштырууга багытталат. 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Бүгүн Казакстан Республикасынын Түркестан шаарында Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) экономика жана соода министрлеринин 14-жыйыны болуп өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Султан Ахматов өз сөзүндө мурда жетишилген макулдашууларды практикалык жактан ишке ашыруунун маанилүүлүгүн, ошондой эле экономикалык

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Октябрь көчөсү - Чыгыш ЧЧК - Аламүдүн суусу - Путепроводная көчөсү. “ХБО” суу топтомосундагы

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

2025-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жеткени 19-февралда Финансы министрлигинин сайтына жарыяланганын "Азаттык" жазды. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыз ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 39,46% түздү. Анын ичинен 3 млрд 573,54 млн доллар ички, 5 млрд 347,8 млн

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК 2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатын көрсөтүүгө расмий лицензия сатып алды. Алдыдагы мундиаль тарыхтагы эң ири мелдеш болот. Кыргызстандыктар оюндарды түз эфирде жана жогорку сапатта УТРКнын каналдарынан көрө алышат. Футбол боюнча дүйнө чемпионаты FIFA 2026 11-июндан 19-июлга чейин үч өлкөдө — АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Бул турнир тарыхый болот: алгачкы