> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткенге бөлүнгөн 50 млн доллардын жарымы муниципалдык инфраструктурага жана калкты тейлөөгө жумшалат
- URL: https://im.kg/all/2022/04/21/batkenge-b-l-ng-n-50-mln-dollardyn-zharymy-municipaldyk-infrastrukturaga-zhana-kalkty-tejl-g-zhumshalat/
- Published: 2022-04-21T17:21:25.000Z
- Updated: 2023-05-30T12:11:31.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Дүйнөлүк банк Кыргызстанга Баткен облусун өнүктүрүү** **үчүн** **бөлгөн 50 млн доллардын жарымы муниципалдык инфраструктураны жана калкты тейлөөнү колдоого жумшалат. Бул тууралуу Экономика министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов билдирди.**

Ал кечээ 20-апрелде Вашингтондо КР менен Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (ЭӨА) ортосунда Баткен облусунда «Экономикалык аймакты өнүктүрүүнүн экинчи долбоору» боюнча каржылык макулдашууга кол коюлганын эске салды. Долбоор 2022-жылдан 2027-жылга чейин ишке ашырылат.

> Долбоор 5 компонентти ишке ашырууну карайт.

- Биринчи компоненттин алкагында 24 млн долларга (бөлүнгөн каражаттардын дээрлик жарымы) **муниципалдык инфраструктураны** жана негизги мамлекеттик кызматтарды колдоо боюнча иш-чаралар каржыланат.
- Экинчи компоненттин алкагында 21 млн доллар **агроазык-түлүк кластерлерин** бекемдөөгө бөлүнөт.
- Үчүнчү компоненттин алкагында **жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө** дем берүү үчүн 2 млн доллар өлчөмүндө чакан гранттар берилет.
- Дүйнөлүк банк күтүлбөгөн өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүүнүн төртүнчү компонентине каражаттарды кайра бөлүштүрүү мүмкүнчүлүгүн да караган.
- Бешинчи компоненттин алкагында **долбоорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүү** үчүн 3 млн доллар каралган.