> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КРда быйыл I кварталда 990 миңден ашык жаран аба каттамын колдонду
- URL: https://im.kg/all/2022/04/21/krda-byjyl-i-kvartalda-990-mi-den-ashyk-zharan-aba-kattamyn-koldondu/
- Published: 2022-04-21T11:43:37.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:37.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**«МЭА» ААК 2022-жылдын 3 ай аралыгында 990 миңден ашык жүргүнчүнү тейледи. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 62% көбөйгөн. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту» ААКтын маалымат кызматы билдирди.**

«Манас» эл аралык аэропорту» ААКсы 2022-жылдын 3 ай аралыгында **993 миң 65 жүргүнчүнү** тейлеген. Алардын **380 миң 906 ички каттамдардын** жүргүнчүлөр агымын түзсө, **эл аралык каттамды – 612 миң 159** жаран колдонгон.

> 1-январдан 31-мартка чейин 9 миң 56 каттам ишке ашырылган. Алардын 5 миң 824 – эл аралык, 3 миң 232 – ички каттамды түзгөн.

**Эл аралык «Манас» аэропорту** 5 миң 786 каттамды тейледи. Алардын 1 миң 665 – ички, 4 миң 121 – эл аралык каттамдар. Жүргүнчүлөр агымы 553 миң 579 кишини түздү. Алардын 191 миң 554 – ички, 362 миң 25 – эл аралык.

**«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту** 89 каттамды тейледи. Алар: 16 – ички, 73 – эл аралык каттамдар. Жүргүнчүлөр агымы 10 миң 208 кишини түздү. Алардын 8 – ички, 10 миң 200 – эл аралык багытта.

**«МЭА» ААКнын Ош филиалы** 3 миң 181 каттамды тейледи. Алардын 1 миң 551 – ички, 1 миң 630 – эл аралык каттамдар. Жүргүнчүлөр агымы 429 миң 278 кишини түздү. Алардын 189 миң 344 – ички, 239 миң 934 – эл аралык багытка туура келет.