> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Швейцария Кыргызстандагы улгайган адамдарды колдоо үчүн 473 миң доллар бөлөт
- URL: https://im.kg/all/2022/04/21/shvejcariya-kyrgyzstandagy-ulgajgan-adamdardy-koldoo-ch-n-473-mi-dollar-b-l-t/
- Published: 2022-04-21T15:41:47.000Z
- Updated: 2022-09-04T22:07:37.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Швейцария өкмөтү карыларды жана өзгөчө муктаждыктары бар адамдарды колдоо үчүн 473 миң доллар (азыркы курс боюнча 39 млн сомдон ашык) бөлөт. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүктүн маалыматында айтылат.**

Элчиликтин берген маалыматына ылайык, 20-апрелде Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертер БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын КРгы директору Кодзиро Накай менен бирге Чүй облусундагы эки социалдык стационардык мекемеде болду.

> Бангертердин айтымында, Швейцария **1200гө жакын** адамдын (анын ичинде карылар жана өзгөчө муктаждыктары бар) жашоо шарттарын жакшыртуу үчүн **473 миң доллар** бөлүп жатат.

Бул долбоор Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БДП) тарабынан Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен тыгыз кызматташтыкта ​​ишке ашырылат.

- ![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/04/278570471_368701565282533_6402563962619937321_n-1024x683.jpeg)
- ![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/04/278458707_368701535282536_7893999611190444833_n-1024x768.jpeg)
- ![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/wordpress/2022/04/278566745_368701525282537_3383192542134599746_n-1024x768.jpeg)