> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жеңилдетилген кредитти кайсы депутаттардын компаниялары алат? – тизмеси
- URL: https://im.kg/all/2022/04/21/zhe-ildetilgen-kreditti-kajsy-deputattardyn-kompaniyalary-alat-tizmesi/
- Published: 2022-04-21T13:55:26.000Z
- Updated: 2023-04-19T05:39:12.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: #Жаңылыктар, #Import 2025-07-22 12:57

**Агроөнөр жай тармагын насыялоо үчүн бөлүнгөн 10 млрд сомду ала турган компаниялардын тизмесин депутат Эльвира Сурабалдиева өзүнүн твиттер баракчасында [жарыялаган](http://localhost/info-portal/kyrgyzcha/2022/04/19/dyjkandarga-b-l-ng-n-kreditti-ministrler-menen-deputattardyn-kompaniyalary-alyshty/) болчу.** 

Анда ал жеңилдетилген насыя ала турган компаниялардын арасында өкмөт мүчөлөрүнүн, депутаттардын фирмалары бар экенин айткан. Сурабалдиеванын айтымында, кайра иштетүүчү 73 ишканага 3.8 млрд сом насыя берүү каралган.

> [«Т-Медиа»](https://t-media.kg/2022/04/20/zhe-ildetilgen-nasyya-alchu-kompaniyalardyn-deputattar-menen-bajlanyshy-bar-ekeni-chyn/) маалымат порталы өкмөт мүчөлөрү менен депутаттардын кимиси бул тизмеде бар экенин тактады. Аталган редакциянын берген маалыматы төмөндө берилет.

#### **Депутаттардын изи**

**«Томат КейДжи»**

«Томат КейДжи» дыйкан үрөнчүлүк чарбасы 2021-жылдын октябрь айында кайра каттоодон өткөн. Ага **Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Саккараевдин уулу Жапаркул Саккараев** [ээлик кылат. ](https://www.osoo.kg/inn/03112201510127/)2021-жылы аталган компания бюджетке 11.4 миллион сом салык төлөгөн.

![](https://t-media.kg/wp-content/uploads/2022/04/salyk.png)

Саккараевдердин үй-бүлөсү бизнесте дагы, саясатта дагы активдүү экенин буга чейин Factcheck.kg [иликтеген](https://factcheck.kg/ky/klan-sakkaraevyh-v-politike-i-biznese-chto-izvestno-o-novom-deputate-zhk/). Аларга тиешелүү «Эл биримдиги» партиясы 2021-жылкы июль айындагы жергиликтүү кеңештерге кайроо шайлоонун жыйынтыгы менен төрт мандатка ээ болгон. Партиясынын [тең негиздөөчүлөрүнүн](https://www.osoo.kg/) арасында Медербек Саккараевдин [эжелери](https://factcheck.kg/ky/klan-sakkaraevyh-v-politike-i-biznese-chto-izvestno-o-novom-deputate-zhk/), жезделери жана жээни бар.

**«Бай Элим Компани»** 

Аталган компания буга чейин **Жогорку Кеңештин депутаты** **Эмил Токтошевге[ ](https://kloop.kg/blog/2015/08/18/vybory-2015-podrobnyj-spisok-kandidatov-ot-ata-mekena/)**[тиешелүү болгон.](https://kloop.kg/blog/2015/08/18/vybory-2015-podrobnyj-spisok-kandidatov-ot-ata-mekena/) Азыр жубайы Рысгүл Акимжанова менен уулу Байэл Токтошевге [катталган. ](https://www.osoo.kg/inn/01202200810173/)Компания кеңири ассортименттеги товарлардын дүң соодасы менен алектенет. 

![](https://t-media.kg/wp-content/uploads/2022/04/Baj-Elim-ZHCHKSy.png)

Рысгүл Акимжанова былтыр 11-апрелде Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоодо «Кыргызстан Элдик Демократиялык партиясынан [катышкан.](https://www.azattyk.org/a/31165313.html) Мыйзам бузуулардан улам добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылып, 11-июлда кайра шайлоо болгон. 

**«Кара-Су-Дан-Азык» компаниясы**

«Кара-Су-Дан-Азык» ачык акционердик коому **Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Исираиловдун атасына** таандык. Ишкана ун жана дан азыктарынан өндүрөт. Юстиция министрлигинин сайтында акционердик коомдун директору катары Исираилов Алмазбек Турдалиевич [көрсөтүлгөн.](https://register.minjust.gov.kg/register/Public.seam;jsessionid=3688B16ABA326E5CB6DB17DE782E8613?publicId=75793) Депутаттын ишмердүүлүгүндө да эмгек жолун 2013-жылы үй-бүлөсү ээлик кылган «Кара-Су-Дан-Азык» ишканасында [баштаганы жазылган. ](http://kenesh.kg/ru/deputy/show/261/isirailov-azamat-almazbekovich)

![](https://t-media.kg/wp-content/uploads/2022/04/45.png)

### **Өкмөт мүчөлөрүнүн изи**

**«Мариям Ош» жана** **«** **ДанЮг** **»**

Өкмөттөн насыя алуучулардын катарында жакында эле Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган **Бакыт Төрөбаевдин баласына таандык** делген компаниялар да бар. Алардын бири — Ош шаарында жайгашкан «Мариям Ош» ун чыгаруучу фирмасы. [Оsoo.kg сайтында](https://www.osoo.kg/inn/00504200210202/) компаниянын директору Эргешев Дастан Бакытович деп айтылат. Экинчиси — «ДанЮг» ЖЧКсы, ал да Төрөбаевдин уулу Дастан [Эргешовго катталган.](https://register.minjust.gov.kg/register/Public.seam;jsessionid=2190FDC9C366F70DFB7333F45DE2EFBB?publicId=364165) Ун чыгаруучу завод Жалал-Абад шаарында орун алган.

![](https://t-media.kg/wp-content/uploads/2022/04/46.jpg)

**«Тазажан» компаниясы**

Оsoo.kg сайтында «Тазажан» ЖЧКсына Журукбаев Салимжан Сейсенович директор деп [көрсөтүлгөн.](https://www.osoo.kg/inn/01603201210075/) Бирок **Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Экмат Байпакбаев** өзү аталган ун чыгаруучу фирмага тиешеси бар экенин [айткан жайы бар. ](https://www.bekeshev.kg/deputat-priznalsya-chto-u-nego-est-mukomolnoe-predpriyatie-gorzhus-chto-ya-proizvodstvennik)

**«Чоң Алай Экопродук** **»** 

Тизмеден «Чоң Алай Продукт» команиясын да кездештирүүгө болот. Фирма Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Дароот-Коргон айылында жайгашкан. Анын жетекчиси — Сулайманов Медербек Чолпонбаевич.

Компаниянын Юстиция министрлигинин сайтында көрсөтүлгөн телефон номерине чалып, Сулаймановдун өзү менен байланыштык. Ал мурдагы транспорт жана коммуникациялар министри, Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулаймановдун атасы, Министрлер кабинетинин төрагасы **Акылбек Жапаровдун коомдук башталгычтагы кеңешчиси Нурлан Сулаймановдун бир тууган иниси** экенин тастыктады. 

![](https://t-media.kg/wp-content/uploads/2022/04/CHon-Alaj-Ekoprodukt.png)

### **Мурдагы талапкерлер**

**«ДанЮГ»**

«Дан-Юг» ААКсынын ээси катары Султанбек Тойгонбаев көрсөтүлгөн. Ал 2014-жылы Жалал-Абад шаардык кеңешине «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын тизмеси менен [шайланган. ](https://shailoo.gov.kg/kg/npacik/Postanovleniya%5FCIK%5FKR-BShKnyn%5Ftoktomdoru/30%5Fo%5Fdeystvi-1667/) Мындан тышкары насыя алууга арыз таштагандардын арасында мурда **Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер** болгондордон «Кыргызшампаны» ЖЧКнын директору [Алымбек Чаткалбаев, ](http://mnenie.akipress.org/unews/un%5Fpost:510)«Кошой» [ЖЧКсынын](https://www.osoo.kg/inn/03112194210011/) директору [Александр Барбалат ](https://shailoo.gov.kg/kg/Kandidaty%5FTalapkerler/Spisok%5FkandidatovTalapkerlerdin%5Ftizmesi/spiski-kandidatov-mk-december-2016/Spiski%5Fkandidatov%5Fv%5Fdeputaty%5Fgorodskogo%5Fkenesha%5Fg-%5FShopokov/)бар.

### **Ири бизнесмендер**

**«** **Мико Групп** **»**

Компаниянын негиздөөчүсү катары Юстиция министрлигинин сайтынан Назарбекова Умсун Умаровна[ чыкты. ](https://register.minjust.gov.kg/register/Public.seam?publicId=639873)Ал ОсОО «Аруу Жылдыздын» [негиздөөчүсү](https://www.osoo.kg/inn/02602201610090/) жана **Vefa Center бизнес борборунун башкы директору**. Назарбекова [өкмөттүн мурдагы өкүлү](https://www.gov.kg/ru/post/s/rasporyazhenie-o-nazarbekove-mr) Марат Назарбековдун апасы экендиги тууралуу[ Limon.kg](https://limon.kg/ru/news:71298) басылмасы жазып чыккан. 

**Жыйынтык:** «Агроөнөржай комплексин кредиттөө» долбоору боюнча жеңилдетилген насыя ала турган компаниялардын арасында өкмөт мүчөлөрүнө, депутаттарга байланышкан фирмалар бар экени чын.